Бул тууралуу президент Роза Отунбаева катышкан мекемелердин коллегиялык жыйынында башкы прокурор Кубатбек Байболов билдирди. Прокурордун маалыматына ылайык, июндагы коогалаң боюнча 5402 кылмыш иши козголгон, алардын 109у сотко өттү. Байболов тартип коргоо кызматкерлерине карата күч колдонгон факты боюнча 87 кылмыш иши козголгонун маалымдады.