Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

Швейцарияда референдум өтүүдө


Бүгүн Швейцариянын жарандары ок атуучу куралдарга көзөмөлдү күчөтүү боюнча референдумда добуш берет. Анда швейцариялыктар "армияда кызмат кылгандан кийин берилчү ок атуучу куралды баштагыдай үйдө сактоо керекпи же жокпу" деген суроого өз жоопторун беришет.

Өлкөнүн азыркы мыйзамы боюнча Швейцарияда 3 миңге чукул адам үйдө курал кармайт. Мындай тартиптин сынчылары Швейцарияда ок атуучу курал менен өз жанын кыйгандардын саны Европа боюнча эң көп экендигин айтышат.

XS
SM
MD
LG