Бүгүн египеттиктер жумуш күнүн баштап, дүкөндөр ачылып, күндөлүк жашоого бет алды. 18 күн бою борбордук аянтта турган эл жума күнү (11-феврал) экс-президент Хосни Мубарактын бийликтен кетиши менен жеңишке жетти. Тахрир аянтында күндөп-түндөп башкаруучу режимге каршы нааразылыкка чыккандар Египеттин аскердик өкмөтүн демократиялык реформаларга тезирээк баруусун каалайт. Египетте убактылуу бийлик жүргүзгөн Аскердик жогорку кеңеш өлкөнү башкарууга жарандык бийлик качан келээр мөөнөтүн айта элек.
Тахрир аянтын жыйнап-тазалоо иштери жүрүүдө. Бир нече миң адамдар дагы эле аянтта турат. Алардын айрымдары жаңы өкмөт куралмайынча аянтта тура берерин билдиришти.
Тахрир аянтын жыйнап-тазалоо иштери жүрүүдө. Бир нече миң адамдар дагы эле аянтта турат. Алардын айрымдары жаңы өкмөт куралмайынча аянтта тура берерин билдиришти.