Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Нурада жер титиреди


Ош облусундагы Алай районуна караштуу Нура айылында 14-февралда түнкү саат 1ден өткөндө күчү 4-5 баллга жеткен жер титирөө болду. Чукул кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматына ылайык, зилзаладан жабыр тарткандар катталган жок.

2008-жылы 5-октябрда күчү 7 баллга жеткен жер титирөөдөн Нура айылы тыптыйпыл кыйрап калган. Кырсык 75 адамдын өмүрүн алып кеткен, алардын кырк төртү жаш балдар болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG