Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:35

Демонстранттар Каирдеги Тахрир аянтынан кетип жатат


Египеттин Жогорку аскерий кеңеши конституцияны убактылуу токтотуп, парламентти таркатып жиберди. Өлкө парламенттик жана президенттик шайлоо өтмөйүнчө аскерлердин карамагында кала берет. Жума күнү президент Хосни Мубарак элдик толкундоолордун натыйжасында бийликтен кеткенден бери анын ыйгарымдары армияга өткөн. Аскерий кеңеш баш мыйзамга алымча кошумча киргизүү боюнча комиссия түзүлөөрүн, сунуштар референдумга коюлаарын убада кылды. Конституция Мубарактын бийликте калышын кепилдеп, парламентте анын колдоочулары үстөмдүк кылып келген. Оппозиция өкүлдөрү менен демонстранттар аскерлердин алгачкы демилгелерин оң баалашты. Бирок айрым демонстранттар бардык талаптары аткарылымайынча Каирдеги Тахрир аянтында кала берээрин айтышууда.

XS
SM
MD
LG