Бразилиялык Роналдо футболдон кетип жатканын бүгүн жарыяламакчы. 34 жаштагы футболист 2 жолу - 1994 жана 2002-жылдары Дүйнө чемпиону болгон. 3 ирет дүйнөнүн эң мыкты оюнчусу катары ФИФАнын Алтын топ сыйлыгын жеңген. 2008-жылы ал мекенине кайтып барган. Бирок травмалардан улам жакшылап машыгып, ойной албаганын айтып келди. Роналдо атактуу “Реал” Мадрид командасында, Европанын бир катар белгилүү клубдарында ойногон. Ал дүйнө чемпионаттарында 15 топ киргизип, эң мыкты бомбардир катары тарыхка кирди.