Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Евробиримдиктин жогорку өкүлү Туниске барды


Европа Биримдигинин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон Туниске барды. Биримдиктин жогорку өкүлү премьер-министр Мохамед Гануши жана башка расмий адамдар менен жолугушмакчы. Бир ай мурун элдик толкундоолордун натыйжасында президент Бен Алинин 23 жылдык бийлигине чекит коюлган соң, өлкөдө утурумдук өкмөт түзүлгөн. Тунис бийлиги экономикалык жана саясий колдоого ээ болуу максатында эл аралык конференция уюштурууну көздөөдө. Ал аралыкта Италия өкмөтү соңку күндөрү Тунистен Лампедуза аралына агылган качкындардын саны көбөйгөнүнө тынчсыздануусун билдирди. Тунистеги окуялар Араб дүйнөсүндө демократиячыл көтөрүлүштөргө түрткү берди.

XS
SM
MD
LG