Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Сокулук милиция башчысы Алай РИИБине жетекчи болду


Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Рыскул Жапаркулов Алай районунун милиция башчысы болуп дайындалды жана мындай чечим аталган министрликтин жамааттык жыйынында кабыл алынган.

Бүгүн Сокулукта Жапаркуловдун кызматтан алынышына байланыштуу жүздөн ашуун киши Ош-Бишкек жолун бир сааттай бууп турду. Нааразылык акцияга чыккандардын бири Айдар Сейталиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, жол тоскондорго Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы келип, маселе чечилерин айткандан кийин жол тоскондор эртең саат 9дарда кайра чогулуу үчүн тарап кетти.

Такталбаган маалыматка караганда, азыр ИИМде ротация жараяны башталды, ага ылайык облустук жана райондук тартип коргоо органдарынын башчылары которулуштурулмакчы. Бул уюшма кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүү үчүн жүргүзүлүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG