Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Каирде кайрадан демонстрациялар болду


Египеттин аскерий жетекчилиги кесиптик кошуундардын лидерлерин жана жумушчуларды иш таштоо менен нааразылык акцияларын токтотууга чакырды. Анын алдында мамлекеттик тармактардын кызматкерлери маяналарын көтөрүлүшүн, башка социалдык шарттардын жакшырытылышын талап кылып, Каирдин көчөлөрүнө чыгышкан. Антиөкмөттүк акциянын очогу болгон Тахрир аянтында 200дөй полициячы демонстранттарга тилектештигин билдиришти. Алар мурдагы ички иштер министри эл менен тартип коргоочуларды бөлүп жаргандыгы үчүн айыптап, тополоңдор маалында курман болгон кесиптештерин эскеришти.

Жекшембиде Египеттин Жогорку аскерий кеңеши конституцияны убактылуу токтотуп, парламентти таркатып жиберген. Өткөн жума күнү президент Хосни Мубарак элдик толкундоолордун натыйжасында бийликтен кеткенден бери анын ыйгарымдары армияга өткөн.

XS
SM
MD
LG