Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Иранда оппозициянын жүрүшүн полиция токтотту


Ирандын коопсуздук күчтөрү Тегерандагы борбордук аянтка багыт алган демонстранттардын жолун торошту. Бул тууралуу айрым күбөлөр маалымдашты. Акция Египет менен Тунистеги элдик көтөрүлүштөргө тилектештик иретинде өткөрүлмөк. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун перси кызматынын маалыматына ылайык, шаардын бир жеринде кагылышуулар болду. Полиция союл колдонуп, асманга ок атты. Исфахан калаасында да эл чогулганы кабарланууда. Буга чейин полиция оппозиция лидерлеринин бири Мир Хусейн Мусавинин демонстрацияга катышуусуна тоскоолдук түзгөнү маалымдалган.

XS
SM
MD
LG