Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Обаманын 3,73 трл. долларлык бюджети


Президент Обама 2012-жылдын 3,73 триллион долларлык бюджет долбоорун жарыялады. Бюджет Өкүлдөр палатасында көпчүлүктү түзгөн республикачылардын катуу каршылыгын жаратары болжолдонууда.

Барак Обама Балтимордогу мектепте сүйлөп, сунуш кылынган долбоор эки жылдан кийин президенттик мөөнөтү бүткөндө бюджеттик тартыштыкты эки эсе кыскартуу жөнүндөгү убадасын аткарганга мүмкүндүк берерин айтты. "Мен президент катары ант бергенимде, президенттик биринчи мөөнөтүм аяктаганда бюджеттик тартыштыкты жарымга кыскартам деп сөз бергенмин. Мен бүгүн сунуш кылган бюджет ошол убадама төп келет жана биз он жылдыктын ортосундагы биздин чыгымдарга негиз салат", - деди АКШ президенти Обама.

XS
SM
MD
LG