Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Ирак "Ф-16" учактарынын ордуна азык-түлүк алат


Ирак бюджетке байланыштуу кыйынчылыктан улам АКШдан 18 согуштук учакты сатып алууну кийинге калтырат. Өкмөттүн өкүлү Али ал-Дабахтын 14-февралда маалымдашынча, "Ф-16" учактарын сатып алганга жумшалчу акча элдин жарды катмарын азык-түлүк менен камсыздоону жакшыртууга пайдаланылат. Ал-Дабах аскерий учактар үчүн быйыл адегенде 1 миллиард доллар төлөнөрүн айтып, бирок анын жалпы баасы канча турарын айткан жок.
14-февралда Багдадда жүздөгөн адамдар көчө жүрүшкө чыгып, жемсөөлүккө жана өкмөттүн ишине нааразылык билдиришти.

XS
SM
MD
LG