Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча парламенттин кен-байлыктар, жылуулук-энергетика комплекси комитети бул үчүн атайын көчмө жыйын уюштурууда. Анда депутаттар Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушундагы олуттуу мүчүлүштүктөр тууралуу кеп кылышмакчы. Эл өкүлдөрү менен кошо көчмө жыйынга энергетика министри Аскарбек Шадиев жана “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Медет Айткулов катышат.(ZKo)