Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Мамлекеттик резервден 5 миң тонна буудай чыгарылат


Бул ун менен нандын кымбаттоосун токтотуу чарасында жүргүзүлүүдө. Экономиканы тескөө министрлигинин маалыматы боюнча, азык-түлүктүн сырттан ташылуучу 15 түрүнө бажы төлөмдөрү убактылуу алынат. Мындан тышкары Кыргызстандын аймагына эт, май, күрүч, кумшекер жана макарон азыктарын жеке адамдардын алып кирүү шарттарын жеңилдетүү, ошол эле учурда Кыргызстандан сыртка дан азыктарын ташууга атайын төлөм киргизүү өкмөткө сунушталууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG