Линктер

жума, 26-май, 2017 Бишкек убактысы 04:22

Рактан жабыркаган балдарга жардам берүү акциясы болот


Студент жаштардын демилгеси менен өткөрүлүп жаткан «Куткар жана сакта» деп аталган иш-чара Бишкектеги опера жана балет театрында өтөт. Ага мамлекет башчы Роза Отунбаева, ЖК депутаттары, коомдук-саясий ишмерлер чакырылган. Алар менен рак илдетинен жабыркаган 100дөн ашуун бала жолугушмакчы. Уюштуруучулардын маалымдашканы боюнча, рак оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата бул оорудан жабыркаган балдарга дары-дармек сатып алуу үчүн каражат чогултулуучу үкөкчөлөр буга чейин эле Бишкектеги жогорку окуу жайларына жана бир катар министрликтерге коюлган. Бүгүнкү иш-чарада ал үкөктөрдүн баары ачылып, андагы каражаттар саналып, Республикалык онкология ооруканасынын балдар бөлүмүнө жиберилет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG