Өкмөттүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Николай Бордюжа баштаган делегация бүгүн түндө Бишкекке келди. ЖККУ Башкы катчысы бүгүн-эртең премьер-министр Алмазбек Атамбаев, ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков, Коргонуу кеңешинин катчысы Шамиль Атаханов менен, ошондой эле күч кызматтарынын башчылары менен жолугушат. Ал эми 16-февралда мамлекет башчы Роза Отунбаева менен да жолугушарын президенттин басма сөз кызматынын башчысы Султан Каназаров "Азаттыкка" тастыктады.
Жолугушууларда өткөн жылы 10-декабрда Москвада өткөн ЖККУ саммитинин жыйынтыгы талкууланат. Мындан тышкары кризиске каршы күрөшүү багытында ЖККУнун аракеттерин жогорулатуу, ыкчам аракеттеги жамааттык күчтөрдү жандандыруу, террорчулукка, баңзат ташууга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери козголмокчу. (ZKo)