Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

Арпа базарынын ижарачылары сот өкүмүнө макул эмес


14-февралда Бишкектеги Ленин райондук соту Ош базарынын жанындагы Арпа базарынын ижарачыларына байланыштуу ишти карады. Сот процессинде ижарачыларга тагылып жаткан “майда ээнбаштык кылган” жана “тартип коргоо органдарына баш ийген эмес” деген эки беренин биринчиси алынды. Арпа базарында иштегендердин бири Талантбек Чынтемиров “Азаттыкка” алар сот өкүмү менен макул эместигин, жогорку сот инстанцияларга кайрыла турганын билдирди.

Бишкек шаар мэриясы 12-февралда Арпа базарындагы күркөлөрдүн баарын алып салган. Анда иштегендерге шаардагы Дордой базары тараптан жай сунуштаган. Бирок ижарачылар мэрия сунуштаган жайга “саздак, иштеткенге мүмкүн эмес”, деп макул болбой жатышат.

Шаар бийликтери Ош базарды ирээтке келтирүү үчүн азыр анын жака белиндеги мыйзамсыз, тартипсиз коюлган күркөлөрдү, соода жайларды тазалап жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG