Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:53

Отунбаева сот системасын өнүктүрүү маселелерин талкуулады


Президент Роза Отунбаева 15-февралда Судьялар кеңешинин өкүлдөрү менен жолукту. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушууда судьяларды тандап алуу үчүн кеңеш түзүү, сот системасын жаңы Баш мыйзамга ылайыкташтыруу маселелери талкууланды. Отунбаева өлкөнүн жаңы Конституциясында сот бийлигинин көз карандысыздыгы камсыздалганын, Судьялар кеңешинин ролу кыйла жогорулаганын, соттор кадыр-баркын жогорулатып өз иши менен эл ишенимин кайрып алышы керектигин белгиледи.

Судьяларды тандоо кеңеши быйыл, 2011-жылы өлкө боюнча 445 судьяны тандап, шайлап-бекитиши керек болот. Алардын 40тан ашыгы Жогорку Соттун жана Конституциялык палатанын судьялары. (EBM)

XS
SM
MD
LG