Биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон Иран бийликтерин нааразылыкка чыккандарга каршы күч колдонбоого жана адамдардын тынч демонстрация өткөрүү укугун урматтоого үндөдү. Кечээ коопсуздук күчтөрү демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Полициянын билдиргенине караганда, кагылышуу учурунда бир адам өлүп, коопсуздук күчтөрүнүн тогуз кишиси жаракат алган.
Тегерандагы жана башка беш шаардагы кечээки жүрүш Иранда акыркы бир жылдан ашуун убакыттан бери өкмөткө каршы өткөн алгачкы демонстрация болду. Аны өкмөттүн тыюу салуусуна карабай оппозиция Тунистеги жана Египеттеги элдик көтөрүлүштөргө тилектештик билдирүү иретинде өткөрдү.
АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон өз сөзүндө Ирандагы демонстранттардын ой –тилектерине колдоо көргөздү.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттарынын бүгүнкү кабарларына караганда, парламенттин айрым депутаттары оппозиция лидерлери Мир Хуссеин Мусави менен Мехди Каррубини өлүм жазасына тартууну талап кылышты.