Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Бахрейнде демонстранттар башкы аянтка жыйналды


Египеттеги окуяларга шыктанган бахрейндиктер көчөгө кечээтен бери чыгып жатат. Миңдеген демонстранттар борбор Манаманын башкы аянтына жыйналар алдында бүгүн полиция менен кагылыштан бир адам каза тапкан эле. Буга чейин кечээ дагы бир демонстрант мерт болгон. Өлгөндөрдүн экөөсү тең шийит экени айтылууда.

Падыша Хамад бин Исса ал –Халифа бүгүнкү телекайрылуусунда эки демонстранттын өмүрү кыйылганы үчүн кечирим сурап, окуянын чоо-жайын иликтөөчү комиссия түзүүнү убада кылды.

Бахрейн - АКШнын стратегиялык өнөктөшү жана ал жерде Кошмо штаттардын бешинчи флоту турат. Калктын көпчүлүгүн шийиттер түзгөн бул өлкөнүн оппозициячыл топтору саясий эркиндиктерди кеңейтүүгө, баардык бийлик падыша башындагы суннит династиясынын колуна топтолгон эрежеден баш тартууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG