Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34

Орусияда мусулмандар үчүн телеканал ачылат


Мындай кабарды бүгүн Орусиянын муфтийлер кеңешине шилтема жасап Франсс Пресс агенттиги таратты. Кеңештин өкүлү Гүлнур Газиеванын айтканына караганда, “диний жана адеп-ахлак” жагынан билим берүүгө салым кошууну максат кылган телеканал азыр сынактан өтүп жатат жана ал апрель айынан тарта ишке кирмекчи. Эң соңку эл каттоого караганда, Орусияда калктын 10 пайызы, же 14,5 миллиону мусулмандар. Өлкөнүн ири телеканалдары мусулман аудиториясына багытталган берүүлөрдү обого сейрек чыгарат.

XS
SM
MD
LG