Быйыл Армения-Иран аралык 365 чакырымдык мунай боросу курула баштайт. Армениянын отун энергия министри Армен Мовсисяндын билдиришинче, боро 2013-жылы курулуп бүтсө, күнүнө 25 жыл бою 1,5 миллион тонна бензин жана кара май келе баштайт. 2008-жылкы Россия-Грузия согушунун кесепетинен Россиядан мунай алуу үзгүлтүккө учураган. Теңорток борону курууга Армения 100 миллион доллар кошот.