АКШ президенти Барак Обама Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин башчыларына кайрылып, өз жарандарынын өзгөрүүгө болгон тилегин урматтап, демократиялык реформага тынч өтүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоону кеңеш кылды. “Биз Египеттеги демонстрацияларга чейин эле досторубузга жана душман сыяктууларга дүйнө өзгөрүп жатканын, Жакынкы Чыгышта жаш, кубаты ашып-ташкан муун чоң мүмкүнчүлүктөргө умтулганын, силер көч артында калбооңор керек экенин кабар жиберип айтканбыз”,-деди АКШ президенти.
Обама ошондой эле Вашингтонду Иран, Бахрейн, Йемен жана башка өлкөлөрдө элдин козголуусу региондогу стабилдүүлүккө коркунуч туудурат деп кооптондурганын белгиледи. Ал Иран бийликтерин анти-өкмөттүк чыгууларды күчтөп басууну сындап, регион лидерлерин демократияны талап кылган элге катаал мамиле жасабоого да чакырды.