Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Президент Роза Отунбаева бүгүн ЖККУнун баш катчысы менен жолугушат


Бул тууралуу президенттик басма сөз кызматынын башчысы Султан Каназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, жолугушууда тараптар өткөн жылы 10-декабрда Москвада өткөн ЖККУ саммитинин жыйынтыгы, террорчулукка, баңзат ташууга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелердин тегерегинде пикир алышмакчы.

ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа баштаган делегация Кыргызстанга 15-февралда келген. Кечээ ал өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана коргонуу кеңешинин катчысы Шамиль Атаханов менен жолугушкан. Николай Бордюжа бүгүн ЖК төрагасы Ахматбек Келдибеков менен да жолугушары күтүлүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG