Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын делегациясы бүгүн Бишкекке келет


ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын президенти Петрос Эфтимиу баштаган делегация Кыргызстанга эки күндүк иш сапар менен келет. Иш сапардын максаты өлкөнүн жаңы парламенти менен кызматташууну бекемдөө болуп саналат. Расмий делегация КР президенти Роза Отунбаева, ЖК төрагасы Ахматбек Келдибеков, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана башка бир катар бийлик өкүлдөрү менен жолугушмакчы. Мындан тышкары Петрос Эфтимиу Жогорку Кеңеште сөз сүйлөйт, ошондой эле парламенттин маанисин жана мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча тегерек үстөлгө катышат.

Петрос Эфтимиу - ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын президенти, Грекия парламентинин депутаты. Аны коштоп Дания, Украина, Хорватия, Германия парламенттеринин 4 депутаты келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG