Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:14

Өткөн жылы Орусиядагы мигранттардан 1,2 млрд. доллар келип түшкөн


Эмгек, калкты жумуш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр 96 011 кыргызстандык жаран Орусияда иштөөгө расмий уруксат алышкан. Бардыгы болуп Орусияда расмий уруксаттын негизинде 113 143 кыргызстандык иштейт, алардын үчтөн бири курулуш тармагында, 14,2% - тейлөө, 13,2% - соода-сатык, 12,1% - кайра иштетүү, 9% -байланыш жана транспорт тармагында, 5,7% -айыл чарба тармагында иштешет. Маалыматта айтылгандай, кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Москва шаарында жана Москва облусунда иштешет, ошондой эле Урал аймагында иштеген кыргызстандыктардын саны да арбын.(ZKo)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG