Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:54

Июнь коогасында жабыркаган аялдар маселеси талкууланып жатат


Бишкекте “Тынчтык, ынтымак жана ишенимди орнотууда аялдардын ролу” деп аталган эки күндүк жыйын өтүп жатат. Жыйынга бүгүн президент Роза Отунбаева катышып, аялдар проблемасы менен иштеген бейөкмөт уюмдарды сырттан баа бербестен, жерине барып жабыркаган ар бир аялга колдон келген жардамын берүүгө чакырды. Бейөкмөт уюмдар аялдар айрыкча психологиялык жана социалдык жардамга муктаж экенин белгилеп, бул жаатта өзүнчө топ түзүүнү сунушташты.

Былтыр түштүктөгү июнь коогасында айрыкча балдар менен аялдар көбүрөөк жабыркаганы айтылган. (EBM)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG