Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Ороктуктар мурдагы айыл өкмөт башчысына нааразы


Кабарчыбыздын маалымдашынча, Сокулуктагы Орок айыл өкмөтүнө караштуу Жал айылынын 50дөй тургуну аталган айыл өкмөттүн жер боюнча адиси Анара Касымованын кысым менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жаздыртышты. Касымова мындай аракеттер мыйзамсыз экенин айтып, тиешелүү органдарга кайрыла турганын билдирди. Жалдыктар ага чейин айыл өкмөттүн мурунку жетекчиси Жеңиш Эшенкуловдун үйүнө суроо-талап менен барып аны таппай келишти. Алардын айтымында, Эшенкуловдун тушунда 27 гектар жер мыйзамсыз сатылып кеткен, бул иш сотко жетип 24-февралда Жогорку Сот ишти караганы жатат.

Кечээ кечки саат 10го чукул Орок айыл өкмөт башчысы Кубатбек Дүйшөналиевдин Жал айылындагы үйүнүн короосунда жардыруу болду. Жардыруудан эч ким жабыркаган жок. Ички иштер министрлигинен “Азаттыкка” бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергеп-иликтөө башталганын кабарлашты. Дүйшөналиев бул окуяга айыл өкмөттүн мурунку жетекчилигинин тиешеси болушу мүмкүн экенин билдирүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG