Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

КТРКнын Байкоочу кеңешин таратууга каршы акция өтүүдө


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” азыр Жогорку Кеңештин алдына Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу Кеңешин таратууга каршы нааразылык акцияга чыкканын билдирди. Буга чейин Жарандык көзөмөл комитети Жогорку Кеңешти Байкоочу Кеңештин ишине кийлигишпөө өтүнүчү менен билдирүү тараткан. Ушундай эле мазмундагы билдирүү менен “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев да чыккан.

15-февралдан тарта КТРКнын Байкоочу кеңешине байланышкан маселени кароону Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалымат жана дин саясаты комитети карап жатат. Кечээки жыйында Байкоочу кеңешти таратуу, курамын жаңылоо, катарына парламенттен өкүлдөрдү киргизүү демилгесин көтөрүлгөн. Бул маселе эми парламенттин Мамлекеттик мыйзамдуулук комитетинде да каралышы керек, андан соң парламент отурумуна сунушталмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG