Бүгүн Акыйкатчы Турсунбек Акун “Кыргыз-Ата” коомдук фондунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда аталган фонд 16-мартта Бишкекте Казакстанда кыргызстандык эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү боюнча жыйын өткөргөнү жатканы маалымдалды. Жыйында мигранттардын балдарынын билим алуусу, укуктардын сакталышы, пенсиялык камсыздандыруу өңдүү маселелер талкууланмакчы. Акыйкатчы институтунун маалымат кызматынын билдиришинче, Турсунбек Акун мигранттар маселеси боюнча жыйын өткөрүү демилгесин колдоп, ар тараптан көмөк көрсөтүүгө убада берди.
Расмий маалыматка ылайык, Казакстанда учурда 100 миңдей кыргызстандык жаран эмгектенип жүрөт. (EBM)
Расмий маалыматка ылайык, Казакстанда учурда 100 миңдей кыргызстандык жаран эмгектенип жүрөт. (EBM)