Бүгүн Бишкектеги №5 улуттук компьютердик гимназиянын “№5 KG” деп аталган гезитинин бет ачаары болду. Иш-чарага билим жана мадиният министрлеринин орун басарлары катышты. 500 нускалуу кичирээк көлөмдөгү төрт барактуу гезитти негизинен мектеп окуучулары чыгарууда. Басылмада мектептин тарыхы, анда билим алып кеткен белгилүү инсандар тууралуу макалар жарыяланат жана таланттуу окуучулардын ар кандай чыгармалары чыгат. “№5 KG” - Кыргызстандагы алгачкы мектеп гезити. (EBM)