Дүйшөмбүдөгү бийликке каршы митингде көз жумган адамды жерге берүүдө башкаруучу режимди колдоочулар менен каршылар кайрадан кагылышты. Тегерандын көчөлөрүнө чыккан миңдеген кишилер полиция менен кагылышканда 2 киши өлгөн. Оппозиция лидерлеринин бири Мехди Карруби өзүнүн интернет сайтындагы билдирүүсүндө “Ирандагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн өмүрүн берүүгө” бараарын жазган. Дагы бир оппозициялык лидер Хоссейин Мусави болсо бийликтин каарынан коркпой дүйшөмбүдө кочөгө чыккан мекендештерин шыктануу менен караганын айтат.
Шейшембиде иран парламентинин депутаттары Мусави менен Курравини сотко тартууну сунуш кылды.
Шейшембиде иран парламентинин депутаттары Мусави менен Курравини сотко тартууну сунуш кылды.