Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:47

Бахрейнде жаңы митингдерге камылга көрүлүүдө

Бахрейндин баш калаасында Египет менен Тунистеги ыңкылапка шыктангандар бийликке каршы кайрадан көчөгө чыгып, өкмөттөн демократиялык реформаларды талап кылаары маалымдалды. Баш калаа Манамада 3 күндөн бери массалык нааразылык акциялары өтүүдө. Буга чейин чогулгандар менен полиция кагылышып, 2 киши өлгөнү кабарланган. Бахрейндин калкынын көпчүлүгүн түзгөн шийиттер башкаруучу суннитер династиясы тарабынан такай басмырлоого кабылып жатканына нааразы экенин айтышууда.
XS
SM
MD
LG