Көз карандысыз булактардагы маалыматтарга караганда, өлкөнүн деңиз жээгиндеги Бенгази шаарында катуу толкундоолор башталды. Ливиянын жергиликтүү гезити полиция менен нааразылыкка чыккандардын кагылышында 14 адам, анын ичинде 10 полициячы жарадар болгонун маалымдайт.
Ливиянын экинчи чоң шаары Бенгазиде кырдаал өтө чыңалып турганы айтылууда. Бир нече жүздөгөн кишилер таштар менен куралданып, жергиликтүү полициянын жанындагы авто унааларга өрт коюшту. Окуяга күбөлөрдүн айтуусунда, элдин көчөгө чыгуусуна укук коргоочу, өлкөнүн башкаруучу режимине каршы көз караштагы жергиликтүү юрист-адвокаттын камакка алынышы түрткү болгон. Нааразылык акциясы адегенде шаардын чеке-белинде башталып, анан борборго өткөн. Көчөгө чыккандардын саны 2 миңге чамалаш экени айтылууда, алар өкмөткө каршы чакырыктарды кыйкырып, полицияга таш ыргытканда, полиция суу менен аткылап, көздөн жаш агызуучу газ пайдаланганы кабарланды.
Ливиянын мамлекеттик маалымат агенттиги болсо Трипол жана башка шаарларда Муаммар Каддафинин жактоочулары көчөгө чыкканын кабарлады. Ливияда полковник Муаммар Каддафи 40 жылдан ашуун бийликте турат.