Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Тажикстан террорчулукка каршы ШКУ менен чогуу күрөшөт


Тажик парламентинин төмөнкү палатасы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин антиреррордук адистерин даярдоо боюнча келишимди жактырды. Жактырылган документке ылайык, бул ишмердүүлүктү уюмга мүчө өлкөлөрдүн атайын органдары ШКУнун аймактык антитеррордук түзүлүшүнүн аткаруучу комитетинин жалпы көзөмөлүндө ишке ашырат.

Келишимдин максаты - террорчулук менен күрөшүүдө жеке адистерден тарта атайын даярдыкты өркүндөтүү, тажрыйба алмашуу, практикалык жана теориялык билимди өркүндөтүү. Андан сырткары биргелешкен антитеррордук атайын операцияларды өткөрүү пландалган.

XS
SM
MD
LG