АКШ вице-президенти Жо Байден марттын экинчи жумасында Россия, Финляндия жана Молдовага барат. Ак Үйдүн кабарлашынча, Байденди аялы коштой жүрөт. Визит маалында береги өлкөлөрдүн жетекчилери менен кездешип, эки жактуу жана регион аралык проблемаларга байланыштуу маселелерди талкуулайт. Орус маалымат булактары Байден быйыл жайда болчу президент Обаманын визитин камдоо үчүн Москвага келерин билдиришти. Бирок бу кабарды Ак Үй тастыктаган жок.