Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Алжирде өзгөчө кырдаал абалы 19 жылдан соң токтотулат

Алжирде 19 жылдан берки өзгөчө кырдаал абалы февралдын соңунда токтотулат. Анын алдында, премьер-министр Ахмед Уяхянын 16-февралда билдиришинче, элди турак жай жана жумуш менен камсыздоо, өкмөттүк мекемелердин ишин жакшыртуу боюнча атайын чаралар жарыяланат. Алжирде өзгөчө кырдаал абалы 1992-жылы кабыл алынган. Андан бери радикалдуу исламчылар уюштурган зобун-зордуктарда кеминде 150 миң адамдын каны төгүлгөнү айтылып жүрөт. Оппозиция ишемби күнү өлкө борбору Алжирде бийликти алмашууга чакырган көчө жүрүшүнө элди чакырган.
XS
SM
MD
LG