Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:51

Ливия лидери Кадафи элди жаатташтырууда


16-февралда Ливиянын экинчи соң шаары Бенгазиде полиция менен демонстранттардын кагылышуусу болду. Адам укугун коргоочунун камакка алынышына нааразы болгон адамдар- полиция жана өкмөттүн колдоочулары менен мушташкан. Кагылышта 14 киши, анын ичинде 10 полициячы жарадар болгону айтылат. Ордолуу Триполиде жана башка шаарларда өлкө лидери Муаммар Кадафини колдогон көчө жүрүштөрү өттү. Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштон 16-февралдагы сөзүндө “тынч демонстранияга уруксат берилиш керек, бийлик букараларынын талабын угуш керек”, - деди.

Эл аралык мунапыс уюму Ливия өкмөтүн “тынч демонстрацияга чыккан элди уруп-сабоону токтоконго” чакырды.

Кечээ Тегеранда да анти-өкмөттүк күчтөр менен бийликти колдоочулардын кагылышы болду.
Йемендин байтакты Санаада өлкө президенти Али Абдулла Салехтин жактоочулары менен анти-өкмөтчүлөр мушташып, бир киши окко учканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG