Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

КТРК ишине бут тоспоо чакырыктары уланууда


Бул жолу жаштардын бир катар коомдук уюмдары парламент депутаттарына кайрылып, Коомдук телеканалдын ишине кийлигишпөөгө чакырды. Алар өз кайрылуусунда мурдагы Улутттук телерадиокорпорациясына Коомдук деген макам берүү жана көз карандысыз Байкоочу кеңеш түзүү – Кыргызстанда демократиялык жараян өнүгүп жатканын көрсөтөт деп белгилешет. Анда ошондой эле КТРК берүүлөрүндө жакшы жакка өзгөрүү байкалганы айтылып, парламенттеги айрым депутаттардын, алардын ичинде тиешелүү комитеттин мүчөлөрү сөз эркиндигине коркунуч келтирип жатат деп айтылат. Кайрылуу ээлери эгер убактылуу өкмөттүн КТРК тууралуу декрети мыйзамсыз деп эсептелсе, анда Референдум, Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүү тууралуу декреттер да мыйзамсыз деп саналарын эскерткен.

Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңеши 2010-жылдын август айынан тартып ишке киришкен. Байкоочу кеңеш КТРКнын башкы директорун шайлап, анын орун басарларын дайындоого макулдугун берген.

Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешине байланышкан маселени Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалымат жана дин саясаты комитети кароодо. Байкоочу кеңешти таратуу, курамын жаңылоо, катарына парламенттен өкүлдөрдү киргизүү демилгесин камтыган бул маселе парламенттин Мамлекеттик мыйзамдуулук комитети да карагандан кийин парламент отурумуна сунушталары айтылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG