1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган тиешелүү министрликтердин жана кызматтардын башчылары депутаттарга азык-түлүк коопсуздугу тууралуу мыйзамдын аткарылышы боюнча отчет берет. Алардан тышкары «Айыл банктын, «Агро азык-түлүк» корпорациясынын жетекчилиги, мамлекеттик ветеринария, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө, өсүмдүктөрдү коргоо департаменттеринин башчылары, «Кайыңды –кант» заводунун башкы директору чакырылган.
Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлаганы боюнча, анда 2011-жылкы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, жазгы талаа иштерине даярдык, күн санап өсүп жаткан бааларды ооздуктоого жасаган аракети тууралуу сөз болушу күтүлүүдө.(ZKo)