Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Бүгүн Акмат Бакиевдин соту болот


Бүгүн Бишкек шаардык аскер гарнизондук сотунун имаратында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиевдин соту болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, соттук териштирүүнү Жалал-Абад шаардык соту жүргүзмөкчү. Соттук процесстин жана анын катышуучуларынын коопсуздугу үчүн деген жүйөнүн негизинде Акмат Бакиев Бишкектеги Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына которулган болчу.

Акмат Бакиевге 2010-жылдын май айында массалык башаламандыктарды уюштурган, бийлик өкүлдөрүнө каршы күч колдонгон, жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган, атуучу куралдарды мыйзамсыз алып жүргөн, зордук-зомбулук менен башкалардан акча өндүргөн деген айыптар тагылган. Ал жана анын адвокаттары коюлган айыптар менен макул эместигин билдирип келатышат. (IJz)

XS
SM
MD
LG