Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:04

Өкмөткө тоо-кен тармагындагы иштерге тоскоол кылбоо сунушталды


Мындай сунуш менен Жаратылыш ресурстары министрлигиндеги Коомдук байкоочу кеңеш чыкты. Алар ушул эле жылдын 20-январында Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов кол коюп, кендерди геологиялык иликтөө жана чалгындоо боюнча лицензияларды берүүнү, мурда берилгендердин мөөнөтүн узартууну токтоткон буйрукка каршы чыгышууда.

Министрликтин Байкоочу кеңеши, аталган буйрук жалпы кыргыз мамлекетинин экономикасына тескери таасир тийгизип, тоо-кен тармагында иштеп аткан инвесторлорду да качырат деген бүтүмгө келген.

Ошондой эле бул буйрук инвестицияларга, тоо-кен тармагына тиешелүү бардык мыйзамдардын нормаларына каршы келери баса белгиленген.

Жаратылыш ресурстары министрлиги 20-январда биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тапшырмасы деген негизде, ушул тапта иштеп аткандардан тышкары тоо-кен тармагындагы аракеттерди белгисиз мөөнөткө токтоткон буйрук чыгарган эле. (IJz)

XS
SM
MD
LG