Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Парламент азык-түлүк коопсуздугун талкуулоодо


Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун талкууга алышууда. Ага өкмөт мүчөлөрү да катышып жатат. Депутаттар соңку кездери азык-түлүктүн кескин кымбаттап кетиши туурасында тиешелүү өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматын угушту.

Экономикалык тескөө министри Учкун Ташбаевдин айтымында, ушул тапта буудай, өсүмдүк майы, шекер, унга болгон баанын кескин кымбатташын токтотуу мүмкүн эмес. Анткени алардын баасы экспорттоочу өлкөлөрдө кымбаттаган. Бирок Ташбаевдин айтымында, Казакстанда буудай 10 пайызга кымбаттаган болсо, Кыргызстанда 50 пайызга кымбаттап кеткен. “Демек рынокто дүңүнөн саткандар менен чекене саткандардын ортосунда сүйлөшүү бар”,-дейт ал. Парламент төрагасы Ахматбек Келдибеков болсо өкмөт мүчөлөрүнө өлкөдөгү бардык азык-түлүк продуктуларынын реалдуу бааларын тактап, депутаттарга билдирүүнү тапшырды. (IJz)

XS
SM
MD
LG