Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:39

ЕККУ Казакстандагы шайлоого 400 байкоочусун жиберет


ЕККУнун Астанадагы борборунун бүгүнкү жарыясына караганда, уюмдун Демократиялык институттар жана Адам укуктары боюнча бюросунун 36 байкоочусу Казакстанга келерки аптада келиши мүмкүн. 400дөй байкоочунун калгандары болсо шайлоонун жуп алдында келет.

Казакстандын кезексиз президенттик шайлоосу 3-апрелге белгиленген. Анда кайрадан эле азыркы президент Нурсултан Назарбаевдин жеңип чыгары күтүлүүдө.

ЕККУ Казакстандын буга чейинки президенттик жана парламенттик шайлоолоруна да байкоо салган жана алардын баарын демократиянын стандарттары менен нормаларына жооп берген жок деп тапкан болчу. Казакстан былтыр ЕККУда төрагалык кылган.

XS
SM
MD
LG