Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Бахрейндин борборунда армия көзөмөл орнотту


Мамлекеттик теледен окулган жарыяда армия борбор Манаманын негизги бөлүктөрүндө көзөмөл орнотуу менен катар жыйындарга тыюу салынганы айтылат. Мунун алдында полиция башкалаанын борбордук аянтын демонстранттардан тазалоо үчүн желим окторду жана көздөн жаш агызуучу газ колдонгон эле. Бүгүн эртең мененден тарта борбордун көчөлөрүнө танкттар жана брондуу техника да чыгарылган болчу. Кабарларга караганда, коопсуздук күчтөрү демонстранттар лагерине жасаган рейд учурунда кеминде төрт адам өлүп, 150дөй киши жаракат алган.

Буга чейин да полициянын огунан эки демонстрант мерт болгон эле. Калктын көпчүлүгүн шийиттер түзгөн, бирок падыша башындагы суннит династиясы бийлеген өлкөдө нааразылыкка чыккандар саясий реформаларды талап кылууда.

АКШ апта башында бахрейндиктерди сабырдуулука чакырды. Бахрейн -Вашингтондун стратегиялык өнөктөшү. Ал жерде АКШнын бешинчи флоту турат.

Катардын расмий кабар агенттигинин маалыматына караганда, Перси булуңундагы араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери бүгүн Бахрейнде өлкөдөгү кырдаалды талкуулоо үчүн чогулууда.

XS
SM
MD
LG