Президент Али Абдулла Салехтин кызматтан кетишин талап кылып жаткан демонстранциялар Йеменде бүгүн жетинчи күн катары менен өтүүдө. Борбор Сана шаарында өкмөттүн жактоочулары бийликке каршы чыгып жаткан демонстранттардын чакан тобуна кол салып, аларды кубалоого алды. Кабарларга караганда, полиция бул аракетке тоскоолдук кыла алган жок. Кагылышуулар башка шаарларда да орун алып, ондон ашуун киши жарадар болгону тууралуу да маалыматтар түштү. Кечээ порттук Аден шаарында полициянын колунан бир демонстрант каза тапкан.