Ирандагы оппозициячыл топтор 19-февралда жалпы улуттук жүрүш уюштурмак болууда. Бул жөнүндө оппозиция лидери Мир Хусейн Муссавинин Kaleme.com сайты, дагы башка сайттар маалымдашты. Нааразылык акциясы апта башында Тегерандагы тынч демонстрация учурунда полиция менен болгон кагылышта өлгөн эки жаранды эскерип өткөрүлмөкчү.