Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Египеттиктер "Жеңиш маршын" өткөргөнү жатат


Египеттиктер бүгүн (18-февралда) байтак шаар Каирде Хосни Мубарактын бийликтен кулатылышына байланыштуу “жеңиш маршын” өткөрүүнү мерчемдешүүдө.

Мубарак бир апта мурда бийликтен кетирилгенден бери Египет кадыресе жашоого кайта албай жатат. Каирдин ортосундагы Тахрир аянтын кеткен жолдордо дале танктар турат, банктар жабык, иш таштоого байланыштуу мектептер да жабык.

Бийликтеги Жогорку Аскерий кеңештен саясый өзгөрүүнү талап кылган оппозициячыл топтор абийир туткундарын абактан чыгарууну, өзгөчө кырдаал абалын алып салууну, шайлоону тез жана калыс өткөрүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG