Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Өмүрбек Бабанов баалар тууралуу маалымат берди


Өкмөттүн басма сөз кызматы аркылуу тараткан маалыматында биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Кыргызстанда баалардын кымбаттап жатканы дүйнөлүк базардагы өзгөрүүлөр менен бирге эле ички жараяндарга да байланыштуу болуп жатканын билдирген. Дүйнөлүк базарда айыл чарба азыктарынын кымбатташы өлкөдө инфляциянын күч алышына алып келди, ал эми өлкөнүн ички өндүрүмү керектөөчүлөрдү өсүмдүк майы боюнча 60%, жумуртка боюнча 40%, кумшекер боюнча 10% гана камсыздай алат деп айтылат маалыматта.

Өмүрбек Бабанов январь айынын жыйынтыгы боюнча баалар болгону 2,5% кымбаттады деп эсептейт. Ал ошондой эле быйылкы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн дыйкандарга 9% үстөгү менен 1 млрд. сом насыя акча берилип жатканын, мындан тышкары АКШ өкмөтүнөн да 1 млрд. сом алынарын, бул акчанын жарымы грант катары, жарымы үстөксүз насыя катары берилерин белгилейт. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өкмөт мамлекеттик резервден 10 миң тонна буудайды унга айландырып, калктын аялуу катмарына таратмакчы, ошондой эле жазгы айдап-себүү иштери үчүн мамлекеттик резервден 8 миң тонна күйүүчү май чыгарылмакчы.

Би ринчи вице-премьер-министрдин тапшырмасы боюнча Айыл чарба министрлиги дыйкандарды буудай, кант кызылчасы жана башка жашылчалардын үрөнү менен толук камсыз кылууга тийиш. (ZKo)

XS
SM
MD
LG