Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары Чүй облусунун Москва районундагы тоо кыркаларындагы бир чокуну “Владимир Путин чокусу” деп атоо керектиги сунушталган мыйзам долбоорду жалпысынан кабыл алды. Орусиянын премьер-министри В.Путиндин ысымын ала турган чокунун бийиктиги 4446 метрге чейин жетип барат.
Мындай сунушту Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев колдоого алып, демилгени Москва районунун жергиликтүү администрациясы көтөрүп чыкканын айткан. Кыргыз чокусуна Орусиянын төбөлдөрүнүн аттары берилип атканына айрым коомдук жана саясий ишмерлер каршы пикирлерин да билдиришкен эле. (IJz)